Премьер-министр Кыргызской Республики Темир Сариев с чиновниками. Архивное фото

Сариев өкмөттүн жогорку атка минерлерин майрамда аймактарга жөнөттү

172
(жаңыланган 12:28 31.08.2015)
Премьер-министр, анын орун басарлары жана министрлер бул салтанаттуу күндөрү элди куттуктап, бир катар социалдык объектилердин – мектептердин, бала бакчаларын ачылышына катышат.

БИШКЕК, 31-авг — Sputnik. Эгемендүүлүк майрамына жана Билим күнүнө карата премьер-министр Темир Сариев баш болгон өкмөт мүчөлөрү облустарда жүрөт. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова Sputnik маалымат агенттигине билдирди. 

Бул сапар аткаминерлер Эгемендүүлүк күнү Бишкекте эмес облустарда болушат. Алар элге жакыныраак болуп, майрамды аймак эли менен тосууда. Мындай чечимди өкмөт башчысы кабыл алган. 

Ахмедованын айтымында, премьер-министр, анын орун басарлары жана министрлер бул салтанаттуу күндөрү элди куттуктап, бир катар социалдык объектилердин – мектептердин, бала бакчаларын ачылышына катышат. 

Өкмөт башчысы Сариев Ошто жүрөт. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Жалал-Абад аймагына, дагы бир орун басары Валерий Диль Талас, социалдык тармакты жөндөгөн орун басары Дамира Ниязалиева Баткен, коопсуздук боюнча вице-премьер Абдырахман Маматалиев  Чүй, өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиев — Ысык-Көл, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов  Нарын облусуна жөнөп кетти.

Өкмөттөн республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатка 68 мектепти пайдаланууга берүү пландалганын, анын ичинен 1-сентябрга карата 26 мектеп пайдаланууга берилерин маалымдашты.

172
Белгилер:
облус, өкмөт мүчөлөрү, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү, Билим күнү, Темир Сариев
Тема:
Кыргызстандын көз карандысыздык күнү (30)
Тема боюнча
Чоң-Арыкта тоо этегиндеги кургак чөп күйүп жатат
Араб мамлекеттеринин падышалары Кыргызстанды Эгемендик күнү менен куттукташты
Бишкек шаары. Архивдик сүрөт

Казакбаев бюджетти колдоо боюнча РФ президентинин өкүлү Козак менен сүйлөштү

19
(жаңыланган 17:55 24.10.2020)
Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-24-октябрь күндөрү Россия Федерациясына иш сапары менен барган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев РИА Новости агенттигине берген маегинде Россиянын президенттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен көп маселелерди талкуулаганын, анын ичинде Кыргызстандын бюджетине колдоо катары финансылык жардам тууралуу дагы сөз болгонун айтты.

"Дмитрий Николаевич Козак жана анын кесиптештери менен жолуктук. Россия тарап Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн абалды турукташтырууда маанилүү роль ойноду", — деди Казакбаев.

Садыр Жапаровдун биринчи кайсы өлкөгө иш сапар менен барары айтылды

Ошондой эле жолугушууда Россия тараптан кыргыз экономикасына көрсөтүлчү колдоолор тууралуу сөз болду.

"Биздин өкмөттүн иши, алдыда келе жаткан саясий иш-чаралар тууралуу кеп кылдык. Анан, албетте, азыркыдай катаал убакта Россия тараптан Кыргызстандын бюджетин колдоо иретинде берген жардам тууралуу сүйлөштүк", — деди ТИМ башчысы.

Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-24-октябрь күндөрү Россия Федерациясына иш сапары менен барган.

19
Белгилер:
жардам, каражат, экономика, Руслан Казакбаев, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Лавров Кыргызстанга финансылык колдоо көрсөтүү боюнча суроого жооп берди
Украина президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт

Зеленскийдин жыйында сүйлөп жатып катуу чыккан үндөн чочуп кеткен видеосу

195
Украина лидери муз аянтчанын маалымат борборунда машыктыруучулар, спортчулар жана чиновниктер менен жыйын куруп жаткан учурда катуу үн чыккан.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский Мариуполь шаарындагы Mariupol Ice Center муз аянтынын ачылыш салтанатында катуу чыккан үндөн чочуп кетти.

Окуянын видеосун "Страна.ua" Telegram-каналы жарыялады.

Окуя муз аянтчанын ачуу салтанаты бүткөндөн кийин болду. Расмий иш-чара аяктагандан соң "Мариуполь" менен "Сокол" (Киев) хоккей командаларынын беттеши башталган. Бул учурда украина лидери муз аянтынын маалымат борборунда машыктыруучулар, спортчулар жана чиновниктер менен жыйын куруп жаткан.

Видеодо көрүнүп тургандай, президент сүйлөп жатканда күтүүсүз жерден катуу үн чыккан. Зеленский чочуп кетип, кулагын жаап калганы көрүнүп турат. Ал учурда анын жанына дароо жан сакчы келе калган.

"Баары жайында, баары жайында", — деген Зеленский.

Президент андан ары тамашага салып жыйында жалаң баатыр жүрөктүү спортчулар отурганын айтып сөзүн улаган.

Зеленский трибунада сүйлөп жаткан Лукашенкону чочутту. Видео

Зеленский техникалык себептерден улам жолугушууну үн күчөткүчсүз эле улантууну сунуштаган.

195
Белгилер:
үн, Украина, Владимир Зеленский
Тема боюнча
Рада депутаты: Украинада Зеленскийди тактан кулатууга даярдык жүрүп жатат
Жооп берип каласыз! Кадыров Зеленскийдин кечирим суроосун талап кылды
Киберкоопсуздук. Архивдик сүрөт

Медведев БУУ аянтчасындагы киберкоопсуздук боюнча келишимге чакырык жасады

0
(жаңыланган 18:15 24.10.2020)
Медведев Россия дүйнө коомчулугун киберкылмыштуулукка каршы биргеликте күрөшүп жана маалымат айдыңда коопсуздукту камсыздап алууга бир нече ирет чакырык таштагандыгын айтты.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Эл аралык киберкоопсуздук боюнча архитектура азыркы заманбап чакырыктарга эле жооп берип чектелбестен, технологиялык прогресстин келечегин да эске алышы керек. БУУнун түзүмдөрү бул жааттагы коопсуздукту камсыздоодо эл аралык келишимдердин аянтчасы болуп бере аларын РФтин Коопсуздук кеңешинин жетекчисинин орун басары Дмитрий Медведев БУУнун 75 жылдыгына арналган макаласында жазды.

Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарынын макаласын толугу менен RT телеканалынан таанышууга болот.

Дүйнө чарчады. Лавров БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү

"Глобалдуу маалымат айдыңында коопсуздукту камсыздоо принципиалдуу мааниге ээ болуп бара жатат. Эл аралык киберкоопсуздук боюнча архитектура азыркы заманбап чакырыктарга эле жооп берип чектелбестен, технологиялык прогресстин келечегин да эске алышы керек", — деп айтылат макалада.

Медведев бул боюнча кылмыштардын арбып бара жаткандыгын да жазган.

"Санариптин өнүгүшү, тилекке каршы, маалыматтык айдыңда кылмыштардын арбышын жаратат (анын пандемия учурунда көбөйүп кеткендигин байкоого болорун белгилей кетели)", — деген ал.

Медведев Россия дүйнө коомчулугун киберкылмыштуулукка каршы биргеликте күрөшүп жана маалыматтык айдыңда коопсуздукту камсыздап алууга бир нече ирет чакырык таштагандыгын айтты.

Ал БУУнун Башкы Ассамблеянын 73-сессиясында көпчүлүк добуш менен россиялык резолюция кабыл алынгандыгын эске салды.

Медведев пандемия маалындагы мамлекеттердин башкы милдети тууралуу айтты

"Аталган резолюциянын зарылдыгы улут аралык мүнөздөгү чакырыктар эл аралык коомчулуктун жапа тырмак катышуусунда гана майнаптуу болорунда турат. БУУнун түзүмдөрү бул жааттагы коопсуздукту камсыздоодо эл аралык келишимдердин аянтчасы болуп бериши мүмкүн. Ал эл аралык укуктун ченемдерине, принциптерине таянат, маалымат тармагындагы жалпы кызыкчылыктарга жооп берет", — деп айтылган макалада.

Медведевдин айтымына караганда, мындай нерсе "эл аралык тынчтык менен коопсуздукту колдоону арттырып, аны менен катар эле эл аралык укукта макулдашылбаган технологияларды колдонууга жол бербейт".

0
Белгилер:
резолюция, киберкылмыштуулук, пандемия, Дмитрий Медведев, БУУ, Россия
Тема боюнча
Медведев БУУда "өзөктүк бештиктин" жеке саммитин өткөрүүнү сунуштады