БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы "Чаткал" чек ара заставасынын чек арачылары Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата жаңы конуштуу болушканын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.
Жаңы үйлөрдүн ачкычын тапшыруу аземине Ала-Бука чек ара бөлүгүнүн жеке курамы жана жетекчилиги катышты.
Бүгүнкү күндө аскер адамдарын турак жай менен камсыз кылуу максатында чек арачыларга Бишкек шаарында 72 батирлүү үй, Исфана шаарында 16 батирлүү турак үй ошондой эле Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында офицердик курам үчүн чакан үйлөр пайдаланууга берилди.
Турак-жай куруу республикалык бюджеттен жана эл аралык донорлордун эсебинен каржыланууда.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жалил Атамбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштери жүрүп жатат.
"Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.