Мэр Кулматов оорулуу баланын концертте Лепсти көрүү кыялын орундатат

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүЫрчы Григорий Лепс. Архив
Ырчы Григорий Лепс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдардын тубаса церебралдык шал оорусу менен жабыркаган 17 жаштагы уланга сахнанын жанынан орун берилет. Ал жерден Данил өзүнүн кумири Григорий Лепсти жакындан көрө алат.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов балдардын тубаса церебралдык шал оорусу менен жабыркаган 17 жаштагы Данил Лиходаев үчүн концертте өзгөчө орун камдоо боюнча буйрук бергенин мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Буга чейин социалдык тармактарда Данил Эгемендүүлүк майрамына карата Ала-Тоо аянтына өтө турган концертти көрүү кыялы тууралуу маалымат чыккан. Концертке Вера Брежнева, Дима Билан, Григорий Лепс, "Сплин", "Город 312", Ottawan топтору жана жергиликтүү эстрада жылдыздары катышат. 

© предоставлено Данилом Лиходаевым17-летний юноша из пригорода Бишкека Данил Лиходаев
17-летний юноша из пригорода Бишкека Данил Лиходаев - Sputnik Кыргызстан
17-летний юноша из пригорода Бишкека Данил Лиходаев

Sputnik агенттигине берген интервьюсунда Данилдин энеси Григорий Лепс уулунун сүйүктүү ырчысы экенин, артисттин концертин көрүүгө ынтаасы күч экенин билдирген.

Мэрия Данил өзүн коштогон жакындары менен сахнага жакын отургузуларын, ал жер ырчыларды жакындан көрүүгө ыңгайлуу экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0