Данила Лиходаев бүгүн Ала-Тоо аянтындагы концерт учурунда сүйүктүү ырчысы Лепс менен жолукту.

Кыялдар орундалат: оорулуу бала Бишкектеги концерт учурунда ырчы Лепс менен жолукту

526
(жаңыланган 14:45 01.09.2015)
Буга чейин Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов Sputnik жарыялаган маалыматка ылайык, концертке келүүгө ниеттенген ДЦП менен ооруган балага өзүнчө орун бөлүп берүүгө тапшырма берген.

БИШКЕК, 31-авг — Sputnik. Данила Лиходаев бүгүн Ала-Тоо аянтындагы концерт учурунда сүйүктүү ырчысы Лепс менен жолукту.

"Концертти уюштуруучулар баланын атактуу ырчыга жолугушуусуна жардам кылышты", — деп билдирди Sputnik кабарчысы аянттан. 

Мэриянын маалымат кызматынан ырчы Лепс балага белек катары дискке кол тамгасын жазып бергендигин айтышты.

Данила Лиходаев встретился с любимым певцом Григорием Лепсом.
Гуля Алмамбетова
Мальчик, страдающий ДЦП, на концерте в Бишкеке встретился с Лепсом

 

"Бала толкундагандыгынан аптыгып сүйлөй албай калды, анын жүзүнөн кубанып, бактылуу болуп тургандыгын байкоо кыйын болгон жок", —деп кошумчалашты маалымат кызматынан.

Буга чейин Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов Sputnik жарыялаган маалыматка ылайык, концертке келүүгө ниеттенген ДЦП менен ооруган балага өзүнчө орун бөлүп берүүгө тапшырма берген.

Атактуу ырчылар катышкан Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 24 жылдыгына арналган концерт учурда Ала-Тоо аянтында орточо эсеп менен 30 миңдей адамдын көрүүсүндө өтүп жатат.

Sputnik агенттиги концерттен түз алып көрсөтүүдө.

526
Белгилер:
Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү, Данила Лиходаев, Григорий Лепс, Кубанычбек Кулматов
Тема боюнча
Ала-Тоо аянтындагы концерт учурунда 21 бала ата-энесинен адашып калды
Ала-Тоо аянтында Брежнева, Билан, Лепс жана башка жылдыздар майрам тартуулашты
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сурөт

Коронавирус жуктурган Боронов реанимацияда, бирок абалы туруктуу

33
(жаңыланган 00:14 06.12.2020)
Буга чейин эле Бороновдун реанимацияда дарыланып жатканы айтылып, бирок экс-өкмөт башчынын жардамчысы маалыматты четке каккан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов реанимациялык блокто жатат, бирок анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Эске салсак, буга чейин эле 3-декабрда саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан. Бирок анда Турдумамбетов Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатканын билдирген.  

"Кубатбек Айылчиевичке коронавирус диагнозу коюлган, сатурациясы жакшы, дене табы 36,5-37 градус. Өмүрүнө эч нерсе коркунуч келтирбейт. Ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы туруктуу. Мен аны менен бүгүн сүйлөштүм, бардыгы жакшы", — деди Турдумамбетов.

Ал 23:00гө чукул эле сүйлөшкөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

33
Белгилер:
реанимация, абал, оору, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен
Жүк ташуучу унаа. Архивдик сүрөт

Кызартта тайгактан унаалар токтоп, айдоочулар жолго кум чачып жаткан видео

57
(жаңыланган 23:06 05.12.2020)
Учурда ал жакка Транспорт министрлигинин тиешелүү кызматынын бир жүктөгүч унаасы жана төрт кызматкери менен тартылды.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Нарындын Кызарт белинде муз, тайгалактан автоунаалар жүрө албай, айдоочулар жолго өздөрү кум чачып жүрөт.

Мындай көрүнүштүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды. Айдоочулар тиешелүү кызматтар келбегенине нааразы болушкан.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы видео тууралуу комментарий берип, Кызартка №24 Жол-эксплуатация башкармалыгынын (ДЭУ) бир жүктөгүч унаасы менен төрт кызматкер тартылганын билдирди.

Министрлик белгилегендей, Кызарт ашуусунун ошол жери жол куруучу жеке компаниянын карамагында болгон жана соңку күндөрү аны мекеменин балансына өткөрүп берүү каралып жаткан.

57
Белгилер:
Транспорт жана жолдор министрлиги, Нарын
Тема боюнча
Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео