Сарпашев Жалал-Абадда ирандык таттуу токочтун даамын татты

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архив
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда 100 адам ишканага жумушка кирди. Жалпы жонунан иштегендердин санын 200гө жеткирүү пландаштырылууда. Мындан тышкары, келечекте өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, экспорттук мүмкүнчүлүктү жөнгө салуу каралууда.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында "Разави" аттуу кондитердик фабрика ачылганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө карата ачылган ишкана ундан жасалган кондитердик азыктарды даярдоо боюнча Ирандан алынып келген заманбап жабдуу менен жабдылган. 

Ишкана жетекчиси Моради Хусейндин айтымында, фабрика күнүнө беш түрлүү сегиз тонна азык өндүрүүгө жөндөмдүү.

© пресс-служба правительства КРСарпашев отведал иранских пирожных в Джалал-Абаде
Сарпашев отведал иранских пирожных в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Сарпашев отведал иранских пирожных в Джалал-Абаде

"Учурда 100 адам ишканага жумушка кирди. Жалпы жонунан иштегендердин санын 200гө жеткирүү пландаштырылууда. Мындан тышкары, келечекте өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, экспорттук мүмкүнчүлүктү жөнгө салабыз", — деди жетекчи.

Ишкананын ачылыш салтанатына катышкан биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев ишкананын ачылышы аймактын экономикасын өнүктүрүүгө чоң кадам экенин белгилеп, жергиликтүү бийлик жана өкмөт колдоо көрсөтөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0