Ала-Тоо аянтындагы концертте жоголгон кыз түнкү экиге чукул ата-энесине берилди

© Sputnik / Расул УсеналиевШИИБдин автобусу. Архив
ШИИБдин автобусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Ала-Тоо аянтында майрамга карата өткөн концертте отузга чукул бала адашып кеткен.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаарындагы борбордук Ала-Тоо аянтындагы концертте адашып кеткен балдардын акыркысын милиция ата-энесинин колуна түнкү саат 1:45те тапшырды. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин коомдук коопсуздук башкармалыгынын өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жамиля Талканбаева Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

Кечээ Ала-Тоо аянтында майрамга карата өткөн концертте отузга чукул бала адашып кетип, аларды милиция ата-энелерине кайра таап берген. 

"Концерттен адашып кеткен балдарды акыркысын, 9 жаштагы кызды ШИИБ уюштурган автобуста ата-энесин тапканча кармап отуруп, түн бир окумда ата-энесине бердик. Аларды 102 кызматынын жардамы менен таптык", — деди Талканбаева.

ИИМ өкүлү адашып кеткен тестиер кыз ата-энеси менен Ак-Жар жаңы конушунда жашай тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0