Өкмөт мүчөлөрү аймактардагы мектептерде ачык сабак өтүшүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы окуу жылынын алгачкы күнүндө линейкада турган окуучулар. Архив
Жаңы окуу жылынын алгачкы күнүндө линейкада турган окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республиканын бардык мектептериндеги алгачкы сабак "Менин мекеним — менин Кыргызстаным" деген тема алдында өтөт.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бүгүн жаңы окуу жылынын алгачкы күнүндө премьер-министр Темир Сариев башында турган министрлер кабинети мектептерде ачык сабак өтүшө турганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, республиканын бардык мектептериндеги алгачкы сабак "Менин мекеним — менин Кыргызстаным" деген тема алдында өтөт.

Буга чейин өкмөт башчы Сариевдин Араван районундагы мектепте ачык сабак өтөрү маалымдалган.

"Ачык сабактар өткөн жылы да уюштурулуп, окуучулар тарабынан жакшы кабыл алынган. Министрлер жана мекеме башчылары өздөрү окуган же иш сапары менен жүргөн аймактагы мектепте ачык сабак өтүшөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы өкмөттүн акыркы жыйынында каралып, бөлүнгөн каражаттын алкагында аткарылган иштердин жыйынтыгы канааттандырарлык деп табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0