"Кудайберген" базарында салык төлөөчүлөрдү тейлөө борбору ачылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы автоунаалар. Архив
Бишкек шаарындагы автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, борбор базарда эмгектенген ишкерлерди тейлөөгө эсептелип, бир эле жерден салык төлөмдөрүн, отчет, эсептөөлөрдү жана декларация тапшыруу каралган.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. "Кудайберген" базарында салык төлөөчүлөрдү тейлөө борборун ачылганын Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, борбор базарда эмгектенген ишкерлерди тейлөөгө эсептелип, бир эле жерден салык төлөмдөрүн, отчет, эсептөөлөрдү жана декларация тапшыруу каралган. Мындан сырткары, ушул эле жерде ишкерлерди каттоого алуу, патенттерди берүү жана узартуу жүргүзүлөт, социалдык фонддун кызматы көрсөтүлүп, банктын кассасы жана төлөм терминалы жайгаштырылган.

"Ишкерлерди тейлөө борбору салыктык тескеп-башкарууну модернизациялоо жана автоматташтыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында түзүлүп, аны ачууга базардын жетекчилиги да чоң салым кошту", — деп айтылат билдирүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын жети айынын аралыгында "Кудайберген" базарындагы ишкерлер 15 миллион 646 миң сом суммасында алты миң 257 патент сатып алышкан. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде 13 миллион 680 миң сом суммасында беш миң 896 патент сатылып алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0