Сариев Ноокаттагы жолдордун курулушун сынга алды

Жазылуу
Жергиликтүү актив менен жолугушуу учурунда премьер-министр Ноокат шаарын өнүктүрүү планы менен таанышып, шаарда агын сууларды тазалоочу борбор куруу үчүн үч гектар жерди трансформациялоо маселесин чечип берүүнү убада кылды.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Ноокат районундагы жолдордун курулушун сынга алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Сариев: добуш албай калгандар чычалабай, шайлоо жыйынтыгын таанышы керек
Бүгүн, 1-сентябрда, премьер-министр Ош облусуна болгон сапарынын алкагында Ноокат – Араван жана Ноокат шаарындагы оңдоодон өткөрүлүп жаткан ички жолдорунун жана Айбек айылындагы мектептин курулушу менен таанышты. 

Маалыматка ылайык, Ноокат шаарындагы жолдорду оңдоого республикалык бюджеттен 40 миллион сом каралган. Сариев жолдорду оңдоодогу айрым кемчиликтер үчүн сынга алып, сапаттуу жана өз убагында бүткөрүүнү тапшырды.

"Биз жарандарыбыздын жашоо-шартын жеңилдетүү үчүн бардык шартты түзүшүбүз керек. Ал үчүн жолдорду оңдоо негизги багыт катары таңдалган. Ошондуктан бюджеттен бөлүнгөн каражатты сарамжалдуу пайдаланып, сапаттуу иш жасоо зарыл", —деди өкмөт башчы.

Жол, техника жана мөөнөт — Нарындагы жолдордун курулушу
Андан соң Сариев Ноокат районундагы Айбек айылындагы курулуп бүткөн мектептин имаратын көрдү. Пермьер-министр укук коргоо органдарына кайрылып, мектеп курулган жер аянтын менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугун териштирүүнү тапшырды.

Жергиликтүү актив менен жолугушуу учурунда премьер-министр Ноокат шаарын өнүктүрүү планы менен таанышып, шаарда агын сууларды тазалоочу борбор куруу үчүн үч гектар жерди трансформациялоо маселесин чечип берүүнү убада кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0