Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат

© REUTERS / DAMIR SAGOLJКыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат
Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек ара Кытайда дүйнөлүк согуштун аякташынын 70 жылдыгына арналган парадга байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен жабылууда.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасы үстүбүздөгү жылдын 3-6-сентябрь күндөрү жабыла турганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.

Ак-Жол көзөмөл өткөрүү жайы ЕАЭБдин чек арасы ачылып жаткандыктан жабылат - Sputnik Кыргызстан
"Ак-Жол" текшерип-өткөрүү жайы ЕАЭБдин чек арасы ачылып жаткандыктан жабылат
Маалыматка ылайык, чек ара Кытай Эл республикасында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 70 жылдыгына арналган парадга байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен жабылууда.

Мындан улам кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт-Автодорожный" жана "Иркештам-Автодорожный" өткөрүү пункттары майрам аяктагыча үч күнгө жабылып, 7-сентябрдан баштап кайрадан иштей баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0