Маматалиев Ворух анклавын айланып өткөн жол алигиче курулуп бүтпөгөнүнө ачууланды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстандын Ворух анклавын айланып өтө турган Ак-Сай — Рават жана Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык кара жолун Транспорт жана байланыш министрлиги куруп жатат.

БИШКЕК, 2-cен. — Sputnik. Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык кара жолунун курулушу алигиче бүтө элек деп билдирди вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев чек арага жакын аймактарды өнүктүрүү боюнча жыйында.

Анын айтымында, Көк-Таштан Ак-Сайга чейинки гана жолдун курулушу каржыланып бүткөн, ал эми Ак-Сайдан Тамдыкка чейин эч нерсе өзгөргөн эмес. 

"Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, жолдун экинчи бөлүгү үчүн жумашала турган каражат эми гана түшүп жатат. Жолдун 1 чакырым 800 метри калды. Бул жерде Транспорт жана байланыш министрлигинин начар иштегендигин айтышыбыз керек ",— деди Маматалиев.

Аткаминер министрлик курулушту аягына чыгуу боюнча тезирээк иштеши керектигин, акыркы мөөнөт 1-октябрь экендигин айтты. 

Тажикстандын Ворух анклавын айланып өтө турган Ак-Сай — Рават жана Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык кара жолун Транспорт жана байланыш министрлиги куруп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0