Президент Атамбаев Пекиндеги Жеңиш парадына катышты

© REUTERS / DAMIR SAGOLJПекин шаарындагы Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган парад
Пекин шаарындагы Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган парад - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парадга 10 миңден ашуун аскер кызматкерлери, жөө жоокерлерди, аскердик техникаларды жана авиациянын колонналарын эске алганда бардыгы болуп 50 расчет катышты. Кытай тарап парадда 500 техника бирдигин жана 200 учагын көрсөттү.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Пекин шаарындагы Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган парадга катышканын өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирет. 

Атамбаев Кытай Эл республикасына иш сапар менен 1-сентябрда учуп кеткен. Анын алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугуп, сүйлөшүүдө 2015-2016-жылдарга карата Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуу программасы кабыл алынды.

Кыргыз офицерлери Кытайдын Японияга каршы согушунун 70 жылдык жеңиши жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын урматына Пекин шаарында аскердик парадында - Sputnik Кыргызстан
Кытайда болгон парад тууралуу кызыктуу фактылар
Маалыматка ылайык, парадга 10 миңден ашуун аскер кызматкерлери, жөө жоокерлерди, аскердик техникаларды жана авиациянын колонналарын эске алганда бардыгы болуп 50 расчет катышты. Кытай тарап парадда 40 түрдүү 500 техника бирдигин жана 20 түрдөгү 200 учагын көрсөттү.

Кытайдагы парадда биринчи жолу миңге жакын чет элдик аскер кызматкерлери, анын ичинде 74 адамдан турган Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын Ардак кароолунун ротасы да катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0