Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөктө кар жаап жатат

Жазылуу
Мекеме жолдогу унаа тыгындарынын алдын алуу максатында аталган аймактарда жол жүрүүдөн баш тартып, унаа каражаттарын кыш мезгилине даярдоо зарылдыгын белгилейт.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Өтмөк жана Ала-Бел ашууларында кар жаап жатканын ӨКМ билдирет.

Министрлик мындай аба ырайы жолдордо муз тоңуп, кар күрткүсүнө алып келиши мүмкүн экендигин эскертет. 

Мындан улам жолдогу унаа тыгындарынын алдын алуу максатында аталган аймактарда жол жүрүүдөн баш тартып, унаа каражаттарын кыш мезгилине даярдоо зарылдыгын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0