Жол кайгуул кызматкерлери жеке унаасын кызматтык унаага айланта алат

Жазылуу
Талапка ылайык, кызмат учурунда пайдаланылчу жеке машинага Унаа каражаттарын каттоо департаменти тарабынан "MVD" сериясындагы мамлекеттик номерлер ыйгарылат.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кызмат унааларынын жетишсиздигинен улам, Жол кайгуул кызматынын инспекторлору жумуш убагында жеке унаасын пайдалануусуна жол берген ИИМдин буйругу чыкканын аталган мекеме билдирет.

ЖКК кызматкерлерине автоунааларды негизсиз токтоткондук үчүн айып салуу сунушталууда
Маалыматка ылайык, бул үчүн кызматкер бөлүк менен келишим түзүп, машинасына атайы жарык берүүчү жана үн чыгаруучу белгилерди коюшу керек. Мындай жабдууларды өз унаасында  кызматкер иш учурунда гана пайдалана алат. 

Нөөмөттүн графиги ЖКК жетекчилиги тарабынан бекитилет.

Талапка ылайык, кызмат учурунда пайдаланылчу жеке машинага Унаа каражаттарын каттоо департаменти тарабынан "MVD" сериясындагы мамлекеттик номерлер ыйгарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0