Компьютер жана микрофон менен жайгашкан жумуш ооруну. Архив

Токтакунов: парламентти иштебегендиги үчүн сотко берүүгө материал топтоп жатам

(жаңыланган 10:56 28.09.2015)
Юристтин айтымында, бул боюнча коомчулуктун реакциясын жарата турган бир соттук прецедент жасаса болот.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаттарынын мөөнөтү бүткөнчө пленардык жыйынга чогулбай турганы боюнча ЖКнын төрагасынын чечими коомчулукта талкууга алынып баштады. Бир катар жарандык уюмдар парламентти сотко берүүгө ниеттенүүдө. Анын ичинен "Прецедент" уюмунун жетекчиси Нурбек Токтакунов Sputnik маалымат агенттигине учурда бул боюнча материал топтоп жаткандыгын билдирди.

Анын айтымында, депутаттар шайлоо алдындагы иштери менен парламенттеги ишмердүүлүгүн тактап алышы керек болучу. 

"Кезекте абдан көп мыйзам долбоорлор турат. Мисалы, Акыйкатчыны шайлоо маселеси бар. Жерди трансформация кылууга мараторий киргизүү мыйзамына өзгөртүү киргизүү, Чет элдик агенттер туурасында мыйзамдар турат. Социалдык тармактарга алардын он күндүк айлыгына 3,75 миллион сом кетээрин эксперттер жазышты", — деди Токтакунов. 

Юристтин айтымында, бул боюнча коомчулуктун реакциясын жарата турган бир соттук прецедент жасаса болот. 

"Бирок жаңы шайланган соттор, б.а. сот системасы дагы президенттик аппараттын көзөмөлүндө болгондуктан, анын маанисин көрбөй турам. Булар дайыма кылчактап турушат. Депутаттарга аталган мезгил ичиндеги айлыкты бербөөнү талап кылып сотко берсе болот. Бирок соттор өз көлөкөсүнөн коркушат. Элементардуу түрдө алсак, депутаттар ишке чыкпай, шайлоо алдындагы жеке иштери менен жүрүшөт. Алар менин эсебимден акча алып жатат да", — деди ал.

Ал эми учурдагы парламентарийлер мында эч кандай деле мыйзам бузуу болбогондугун айтышууда. 

ЖК депутаты Айнуру Алтыбаева кийинки чакырылыштагы депутаттардын иши башталгыча Жогорку Кеңештин пленардык отурумдарын алып салуу чечими туура деген оюн айтты.

Дагы бир депутат Абдыманап Кутушев эл өкүлдөрү комитеттердин демилгесине жараша пленардык жыйындарга чогула берерин билдирип, негизинен мыйзам долбоорун талкуулап, алдыга жылдыра турган бул комитет менен фракциялар деген пикирде. 

Учурда ЖКнын V чакырылышынын депутаттарынын 92си күздө болуучу парламенттик шайлоого катыша тургандыгы маалым болду. 

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалып, ага 14 саясый партия катышмакчы. 

Белгилер:
ШайлооМайлоо, Нурбек Токтакунов, Айнуру Алтыбаева, Абдыманап Кутушев
Тема боюнча
Алтыбаева төраганын пленардык отурумдарды алып салуу чечими туура деп эсептейт
Жогорку Кеңештин депутаттары эс алуудан кайтып келишти
Археологиялык казуулар. Архив

Бишкектен анча алыс эмес жерде балбал таш табылды. Сүрөт

(жаңыланган 22:16 14.04.2021)
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди.

Обнаруженный в грунте балбал в селе Интернациональном недалеко от Бишкека
© Фото / предоставлено Павлом Камаевым
Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган

Балбал — бул адамдын сөлөкөтү чегерилген таш эстелик. Камаев аны кантип таап калганын айтып берди.

"Ал күнү мен жумушта болчумун, жер казып атып бир маалда катуу бир нерсеге тийгендей болдум. Карап, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Топурак алдында анча чоң эмес таш эстелиги жатыптыр. Бийиктиги болжол менен бир метрди түзөт. Анын бир колунда чөйчөк тартылган. Табылга жакшы жышаан экенин, мындай жерлерде белгилүү аскер адамы да көмүлгөнүн окугам", — деди ал.

Ал табылгасын адистерге берүү үчүн Маданият, маалымат жана спорт министрлигине барган.

"Балбал ташты өзүмө алып калайын деп эч ойлонгон жокмун. Министрликтегилер айтканымды угуп, анын мынча тереңдикте жатканына таң калышты. Себеби мен аны үч метр тереңдиктен таап чыккам да. Ал жакта бул таш кандайча жатып калганы табышмак", — деди Камаев.

Вид на Государственный исторический музей в центре Бишкека во время реконструкции
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады

Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.

Белгилер:
табылга, эстелик, таш, балбал, Чүй облусу, Бишкек
Тема боюнча
Енисейди бойлой Барсбектин мүрзөсүн издегенде... Юлий Худяков менен маек
Бишкектеги Курманжан Датка эстелиги. Архивдик сүрөт

Бейшембиге карата аба ырайы

Күндүн ысышына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн бийик тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +21…+26, Талас жергесинде +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +15…+20 градуска чейин көтөрүлөт.

Күндүн табы Бишкекте +23…+25, Ош шаарында +24…+26 градус жылуу болот.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Бишкекте түркүн түстүү жоогазындар гүл ачты. Ажайып сүрөттөр

Кер мурут жигит Сүймөнкул Чокморов. Улуттук банктын улуу инсан тууралуу видеосу

(жаңыланган 01:10 15.04.2021)
Улуттук банк кыргыз банкноталарына түшүрүлгөн белгилүү инсандар тууралуу видеолорду жарыялоодо. Бул ирет банк легендарлуу актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов тууралуу видеоролик жарыялаган.

Эки мүнөттөн ашык тартылган роликте сүрөтчүнүн жаш кезин көрүүгө болот. Анда Чокморов жана башка студенттер талаада педагогдун жетекчилигинин алдында жылкыны сүрөткө тартып жатышат. Видеонун алдында окуя 1963-жылы Ленинград облусунда болгону жазылган. Чокморов эмгегинде бир гана жылкыны эмес, анын артына тоолорду да тартат. Окутуучу жок тоону эмнеге тартканын сураганда, ал мекенин сагынганын айткан. Бир маалда жылкы үркүп, баланын колунан жулунуп, секире баштайт. Аны көрүп Чокморовдон башкасынын баары чочулайт. Бирок Сүймөнкул Чокморов аттын жанына барып, жылкыны сылап аны чуркатыш керектигин айтат. Бала ага макул болбой койгондо Чокморов "кыргыздар ээр үстүндө чоңойгон калкпыз. Ал эми ат биздин канатыбыз" деп чапкан боюнча жөнөгөн.

Кадр алмашып, Чокморов "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы Карабалтанын образында болуп калат.

Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат. Анда улуттук валютага сүрөтү түшүрүлгөн философ Жусуп Баласагын, манасчы Саякбай Каралаев, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов, акын Алыкул Осмонов тууралуу видеолор көрсөтүлмөкчү.

Роликтерди режиссёр Руслан Акун белгилүү кино ишмерлери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдун колдоосу менен тарткан.

Белгилер:
сүрөтчү, актер, видео, Улуттук банк, Сүймөнкул Чокморов
Тема боюнча
Улуттук банк Алыкул Осмонов тууралуу таасирдүү ролик тартты