ИИМ: Бишкекте бомбаны издөө аяктады, көчөлөргө коюлган курчоолор алынды

© Sputnik / Эркин АлымбековБомбе деп шектелген курчалган район.
Бомбе деп шектелген курчалган район. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициянын айтымында, "Балдар дүйнөсү" дүкөнүнөн жарыла турган шектүү заттар табылган жок.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Чүй проспектиси менен Гоголь көчөлөрүнүн аймагындагы "Балдар дүкөнүндө" жарылуучу затты издөө иштери соңуна чыкты. Бул туурасында Sputnik маалымат агенттигине ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Балдар дүйнөсүндөгү" "бомбаны" зыянсыздандыруу учурунан көрүнүш
Борбор калаадагы Чүй проспектиси менен Гоголь көчөлөрүнүн аймагындагы "Балдар дүйнөсү" дүкөнүнүн имаратына бомба коюлду деген маалымат кечки саат 18:46да келип түшкөн. Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери имараттан жарылуучу затты издеп тапкан жок. 

Бишкектеги Свердлов районунун Ички иштер бөлүмүнөн жарылуу сыяктуу чыккан үн детонаторго таандык экендигин айтышты. Мындай ыкма менен саперлор таштанды челектеги шектүү затты текшеришкен. 

Милициядан телефон чалуу жалган болуп чыккандыгын кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0