"Спайс" Кыргызстанда психотроптук заттардын тизмесине киргизилет

Жазылуу
Өкмөт башчысы баңгизатты өндүрүүдөн колдонууга чейинки жолун бузуп, бөгөт коюу жана бул багыттагы жалпы ишти жөндөштүрүүнү күчөтүү талабы турганын белгиледи.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев 10 күн аралыгында "спайс" деп аталган затты психотроптук заттардын тизмесине киргизүүнү Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Рафик Мамбеталиевге тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сариев Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Рафик Мамбеталиевди кабыл алып, мамлекеттик кызматтын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы жүргүзүп жаткан иштери талкууланды. 

Өкмөт башчысы баңгизатты өндүрүүдөн колдонууга чейинки жолун бузуп, бөгөт коюу жана бул багыттагы жалпы ишти жөндөштүрүүнү күчөтүү талабы турганын белгиледи.

Ал ошондой эле, "спайс" деп аталган затка каршы күрөштү күчөтүп, 10 күн аралыгында аны психотропттук заттардын тизмесине киргизүү ишин бүткөрүүнү тапшырды.

Мамбеталиевдин маалыматына ылайык, акыркы эки ай ичинде 37 кылмыштын бети ачылып, 1 тонна 620 киллограммдай баңгизат кармалган. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын эки айы менен салыштырганда 35 кылмыш ишине көп.

Ошондой эле Рафик Мамбеталиев мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө тиешеси бар укук коргоо кызматкерлери кармалганын жана бул жаатта эл аралык уюшкан топторго каршы күрөш күчөтүлгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0