Бишкектеги стриптиз жөнүндө чындык: стрип-клубда кантип официант болуп иштедим

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүСахнга чыгуу. Архив
Сахнга чыгуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стриптиз-бар. Бул жердин күнүмдүк турмушу жөнүндө тексттен бийчилердин журналисттер менен боорукерлерди жашыта тургандай окуяны таба албайсыз. Sputnik кабарчысы ата мекендик "жылаңач" ишкердиктин өзгөчөлүгү туурасында Бишкектин стрип-клубдарынын биринен өзү билип кайтты.

Алгач бир аз статистикага кайрылсак. Эсеп палатасы жогорку окуу жайлардын 90 пайыз бүтүрүүчүсү иш таба албай турганын айтат. Бишкекте азыр жашоо үчүн зарыл минимум 6093 сомду түзөт. 2014-жылы орточо маяна 12,5 миң сом болгон. Ал эми Бишкекте стриптиз бийлеген кыздын бир түнкү тапкан акчасы 1000-7000 сом.

Бул жерде иш күнү кечки саат сегизде башталат. Тагыраак айтканда, башталышы керек. Убакыт жеткенде, кире бериште эки эле бийчи кыз пайда болду. Калгандары кечигип жатат.

— Сен жаңысыңбы?

— Ооба, официант болуп келдим. Таанышып алалы.

Боюнда бар үч балалуу "түнкү көпөлөк": балдарымды спортко бергим келет
Бир аз учурашкандан кийин айымдар мени унутуп коюшту. Таксистти талкуулап жатышат: жок дегенде бир жолу оңураагы туш болду, суроо берип тажаткан жок, эмнеге стриптиз-барга барасыңар деген да жок…

Мен болсо кыздарды астыртан кылдат карап жатам. 

Алар өзүлөрүн өз аттары менен аташпайт экен. Эң жакындарынын арасында да алар Айзада, Лена же Айгерим эмес, Бекки, Жули же Минни. Кыздар кадимкидей эле кийинишкен: азыр саркеч эсептелген тытык джинсы, майка. Дээрлик боёнушпайт экен. Аларды сүйлөгөнүнөн эле билип койсо болот – ар бир экинчи айтканы эле уят сөз. 

Он мүнөттөн кийин бир машинадан дагы беш-алты кыз жана алардын башчысы – бир жигит чыга келишти. Биз тепкич менен ылдый түштүк. Клубдун жасалгасы жакшынакай: жарыктандыргычтар, көп сандагы мамылар жана ыңгайлуу дивандар турат. Ээси мени сөзгө чакырды:

— Бийлегиң келеби?

— Жок, бул эч мүмкүн эмес. Мен алып кел, берип кой дегенге эле жарайм. Жыйнай алам. Бирок чечиниш менин колумдан келбейт. 

— Ха, баары тең ушинтишет. Мамынын жанына кантип барып калганыңды өзүң да билбей каласың!

— Жо-о-к, андай болбойт. Андан көрө, акчам канча болорун айтыңыз.

— Сен биринчи иштеп көр, анан көрөбүз. Бирок чайга деп бергендер сеники. 

Милиция түнкү рейд учурунда Бишкекте 35 "көпөлөк" кызды кармады
Меймандар келгиче менде бош убакыт пайда боло калды. Клуб өзү чакан: зал, боёнчу жай, даараткана жана ремонттолуп, диван коюлган кичинекей бөлмө бар экен. Бирок анын кереги эмне, түшүндүрө албайм.

Кыздар боёнчу жер жөн эле бытылдайт. Жок, андай эмес. БЫТЫЛДАЙТ! Элестетип көргүлө: жети чарчы метрдей бөлмө, күзгү, ич кийим, корсет, байпак дагы толгон кытайдын чыгаргандары асылган темир турниктер турат. Ал эми дубалдарда жасалма кийме чачтар илинген.

Камынардан мурда кыздар жаңы кийимдерди кийип көрө башташты. Адатта "костюмдар" секс-шоп деп аталчу жерлерден сатылып келет. Кыздар кечээ ким канча ичкени, айымдардын назик организми өзүн кандай сезгени жөнүндө да кеп кылып жатышты. 

— Анан сен чачыңды байлап бер деп сурадың. Чачың болсо ушундай кусунду болуптур! Жөн эле жүрөгүм айланды.

— Аха-ха! Мас болчумун да. Сен болсо жанагы түрккө вискини төгүп салдың.

Дароо айтайын дегеним, түнү бою дал ушундай кеп уланат: саясат, баа, ал тургай, доллардын курсу бул жердегилердин кызыгына татыбаптыр. Жана, албетте, кыздар кардарларды кызуу талкуулашат экен. Алардын сөзүн жалпы окурмандар үчүн ылайыктап, башкача айтканда, жаман сөз жана "чоо-жайларын" алып салып келтирем. 

— Мен ага жаңы костюмум кандай экен десем, ал көзүнө да илбептир!…

Бул материалды кененирээк сайтыбыздын орусча версиясынан — окусаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0