Ош: экстремизм менен терроризмге каршы түшүндүрүүлөр жүрүп жатат

© Фото / cercamonОш шаарынан көрүнүш. Архив
Ош шаарынан көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экстремизмдин, терроризмдин кооптуу экендигин элге укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийликтин жана облустук казыяттын өкүлдөрү түшүндүрүп жатат.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын түштүк аймактагы бөлүмү кечээтен тарта Ош шаарында жана бир катар райондордо экстремисттик, террористтик көрүнүштөргө каршы кезектеги түшүндүрүү иштерин баштады.

"Бүгүн иш-чаралар Араванда андан кийин, Кара-Суу районунда уланат. Негизги көңүл жаштарга, диний коомчулуктун өкүлдөрүнө, жергиликтүү жашоочуларга бурулуп жатат", — деди Ош облустук ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев.

Экстремизмдин, терроризмдин кооптуу экендигин элге укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийликтин жана облустук казыяттын өкүлдөрү түшүндүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0