Улуттук гвардиячыларды Кытайдагы парадда ийгиликтүү өткөндүгү үчүн куттукташты

© Sputnik / Табылды КадырбековКытайдагы парадда ийгилик менен өткөн Улуттук гвардиячылар. Архив
Кытайдагы парадда ийгилик менен өткөн Улуттук гвардиячылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы штаб гвардиячыларды Кытайдагы парадда мыкты өткөндүгү үчүн сыйлай турган болду деп билдиришти Улуттук гвардиядан.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Кытайдагы парадда ийгиликтүү өткөн Улуттук гвардиячылар бүгүн Кыргызстанга кайтып келишти. 

Улуттук гвардиянын жоокерлери Пекин шаарында өткөн Улуу Жеңиштин жана 1945-жылдагы Япониянын капитуляциясынын 70 жылдыгына арналган парадга катышкан 

Тяньаньмэнь аянтында Атамбаев башка президенттер менен чогуу парадга күбө болду
Бүгүн эртең менен Кыргызстанга учуп келген жоокерлерди тосуп алуу аземинде Улуттук гвардиянын жетекчиси Мелис Сатыбалдиев аларды параддан ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Салтанатка жоокерлердин ата-энелери да катышты.

Улуттук гвардиядан буга чейин Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев Кытайдагы парадда мыкты өткөндүгү үчүн жоокерлер сыйланарын айтканын билдиришти.

3-сентябрда 75 адамдан турган Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын Ардак кароолу да парадда басып, аларды башка өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Тяньаньмэнь аянтында Атамбаев көрүп турду. Улуттук гвардияны парадда коменданттык бригаданын командири Данияр Исаков башкарды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0