Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-сентябрда өтөт

Жазылуу
Коштошуу Мамлекеттик тарых музейинде өтөт. Бул үчүн атайы уюштуруу комитети түзүлдү.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Кыргыз эл баатыры Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты үстүбүздөгү жылдын 9-сентябрында өтө турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Мамлекеттик тарых музейинде өтөт. Бул үчүн атайы уюштуруу комитети түзүлдү.

"Ак шумкар" төш белгисинин ээси Турдакун Усубалиев узакка созулган оорудан Бишкектеги 6-сентябран 7-сентябрга караган түнү каза болду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0