Мэрия "Ата Мекендин" баннерлерин кайра илип чыга турган болду

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив
Бишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин партиянын шаар көчөлөрүнө илинген баннерлери алынып, мэрия материалдарды жайгаштыруу боюнча келишим мыйзам бузуу менен түзүлгөнүн белгилеген.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Мэрия "Ата Мекен" партиясынын баннерлерин калыбына келтирүүгө милдеттендирилгенин аталган саясий уюм билдирди. 

Өмурбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ата-Мекендин" лидеринин кеңсесине ууру кирип, партиянын баннерлери Бишкектен алынды
Буга чейин жума күнү борбор калаада "Ата Мекен" партиясынын 56 баннери алынып салган. Мэрия материалдарды жайгаштыруу боюнча "Ата Мекен" менен "Тазалык" муниципалдык ишканасынын ортосундагы келишим мыйзам бузуу менен түзүлгөнүн белгилеген.

Баннерлерди калыбына келтирүү тууралуу маалыматты БШК тастыктады. Дүйшөмбү күнү өткөн жыйында мэрия партиянын материалдарын илиши керектиги тууралуу чечим чыгарган. БШК жумушчу тобу мэрияга мыйзам чегинде иш алып баруу зарылдыгы тууралуу кат жөнөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0