Курман айт качан болорун муфтият тактап жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы. Архив
Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курман айт күнү колунда барлар курмандык чалып, көзү өтүп кеткендерди эскерип, сойгон малдын этин муктаж болгондорго таратып бериши керек.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан Курман айт белгиленүүчү күндү айдын чыгышына карап тактай тургандыгын билдиришти.

Буга чейин алар болжолдуу түрдө 23-сентябрь боло турганын кабарлаган.

"Зуль-хижжа айы 29унан жаңырса, анда Курман айтты 23-сентябрда белгилейбиз. Эгерде бул ай 30унан жаңырса анда 24-сентябрга туш келет. Ошондуктан болжолдуу түрдө Курман айт майрамын 24-сентябрь деп жатабыз", — деди муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Исмаилов Жигитали ажы.

Курман айт күнү колунда барлар курмандык чалып, көзү өтүп кеткендерди эскерип, курмандыкка сойгон малдын этин муктаж болгондорго таратып бериши керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0