Коргоо министрлиги ЖОЖ алдындагы аскер кафедраларын жоюуну сунуштап жатат

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАскер кийими. Архив
Аскер кийими. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коргоо министрлиги учурдагы ченем-укутук актыларга өзгөртүү киргизүү менен Куралдуу күчтөрдүн курамын толуктоо системасында жаңы ыкмаларды колдонуу зарылчылыгы келип жеткенин белгиледи.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Куралдуу күчтөрдүн курамын толуктоонун сапатын жакшыртуу максатында Коргоо минисрлиги медициналык академиядан тышкаркы ЖОЖдордун алдындагы аскер кафедраларын жоюуну сунуштап жатканын министрликтин өкүлү маалымат жыйында билдирди. 

Маалыматка ылайык, учурда аскердик эсепте турган запастагы офицерлердин саны талап кылынгандан жогору.

"Аскер кафедрасында даярдыктан өтүүчү студенттерди кабыл алуу жана окутуу системасы коррупциялык көрүнүштөрдү жаратып, жарандык коомчулуктун нааразычылыгын күчөтүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Коргоо министрлиги учурдагы ченем-укутук актыларга өзгөртүү киргизүү менен Куралдуу күчтөрдүн курамын толуктоо системасында жаңы ыкмаларды колдонуу зарылчылыгы келип жеткенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0