ИИМ: экстремисттик уюмдар эми мигранттардын балдарын тузакка иле баштады

© Sputnik / Егор Алеев / Медиабанкка өтүүКнига на арабском языке. Архивное фото
Книга на арабском языке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экстремисттик иш-аракеттерге кыз-келиндердин катышуусу дагы эле уланып, мындай уюмдардын мүчөлөрүнүн 23 пайызын аялдар түзүп жаткандыгы анык болду.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. ИИМдин 10-башкармалыгы экстремисттик жана террористтик уюмдар мигранттардын балдарын өз иштерине тарта баштаганын аныктап чыкты. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирет. 

Мындай багыттагы мыйзамсыз иштер өзгөчө өлкөнүн түндүк аймагында көп кездеше баштаган. Ал жерлерде мектеп жашындагы кыздар менен балдарды мыйзамсыз окутууга тартып, экстремисттик уюмдардын таасирине киргизүүгө аракет кылган бир нече фактылар катталды. Мындай окууларды көбүнчө аял кишилер жүргүзүп, алардын тузагына илингендер негизинен мигранттардын балдары болуп чыкты.

"Ош шаарынын тургуну, аял киши бир жылдан бери өлкөнүн ар кайсы облустарынан топтогон эки жаштан 12 жашка чейинки кыздарды окутуп жаткан. Балдардын көпчүлүгүнүн ата-энеси Россияда, Казакстанда акча табуу максатында жүргөндүгү маалым болду", — деп билдирди ИИМдин маалымат кызматы.

ИИМ экстремисттик иш-аракеттерге кыз-келиндердин катышуусу дагы эле уланып, мындай уюмдардын мүчөлөрүнүн 23 пайызын аялдар түзүп жаткандыгы анык болгонун белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0