БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы "Мурас Ордо" конушунун кичинекей жашоочуларын коңшу Степное айылындагы "Келечек" мектебине ташый баштады. Бул туурасында Бишкектин мэриясынын маалымат кызматы билдирет.
Биринчи Май райондук администрациясы Бишкек автотранспорт ишканасынын кызматынан пайдаланып, 200 окуучуну класс жетекчиси менен бирге мектепке ташуу чечимин кабыл алды. Балдар автобусу окуу расписаниеси боюнча балдарды мектепке алып келип жана кайра үйлөрүнө жеткирип турат.Мэрия аталган мектепке окуу китептери менен камсыздоо жана материалды-техникалык базасын чыңдоо боюнча жардам көрсөткөн.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия референдумдагы бюллетендерди кол менен эсептөөнүн жыйынтыгын чыгарды.
Бардык 2474 шайлоо участогунан протоколдор келип, анын үчөөндөгү добуш берүү жокко чыгарылды. Бирок себеби айтылган жок.
Референдумга 1 миллион 401 миң 450 киши катышкан. Бул жалпы шайлоочулардын (3 миллион 563 миң 574 киши) 39,33 пайызын түзөт.
Эске салсак, БШК шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялай элек. Буга чейин бюллетендерди кол менен эсептөөнүн негизинде Садыр Жапаров алдыда экени айтылган.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бир тууган инисинин жүрүм-турумуна нааразы болгон аял кайрылган.
Баары бүткөнсүп, эми компьютердик клубдарга да барып турарын келин айтып даттанууда. Ал да тажадым дейт. Бир күнү жашап жаткан бөлмөсүн сатып салса эмне болот деп да кабатырланабыз. Ушундай жагдайда психологго жекече кайрылууга болобу? Же жыйынтык болбойбу...
Гүлнара Жасоолова, психолог:
— Каттагы жигиттин эжесинин "жубайлар ажырашып, балдар атасыз калбасын" деген бир туугандык тынчсыздануусун түшүнүп жатам. Эгер адам жеке жүрүм-турумун, кылган ишин өзү көзөмөлгө алуу менен туура эмес жолдо баратканын сын көз менен карай алса жакшы. Анда кеңеш алуу үчүн психологго кайрылууга болот. Иниңиз үй-бүлөсүнө кайсы бир деңгээлде зыян алып келип жатканын же балдарына толук кандуу ата боло албай жүргөнүн алгач түшүнүшү керек. Антпесе психологго кайрылгандан пайда чыкпайт. Муну менен катар адамдын жеке каалоосу да болушу шарт.Негизинен жашоодо көп нерсе тарбияга байланыштуу. Баланы кичинесинен эле өтө камкордукка алып, "тигини кий, биякка бас, сабагыңа бар" деп карай берсе ошого көнүп алат. Үйлөнткөндөн кийин "жашашсын" деп бөлмө да алып бергениңерди жазыпсыздар. Адам жакындарынын жетегине, алардын жардамына, жөлөп-таяганына ыңгайлашып алса, ар нерсеге башын оорутпай жүрө берет. Силер азыр санаа тартып тынчсызданып жатасыздар, бирок иниңизге азыркы жүрүм-туруму нормалдуу эле сезилиши мүмкүн. Анткени башкалар ал үчүн камкордук жасап, көйгөйүн чечип бергенге көнгөн. Үй-бүлө курганда да кожоюн катары жоопкерчиликти сезе албай калганынын себеби ошол. Бул жигитке жардам берүү үчүн алгач өзүнүн демилгеси, өзгөрүүгө каалоосу болушу зарыл. Андан кийин гана психолог жардам бере алат.