Жумагулов: кыйын заманда Усубалиев Кыргызстанга ири инвестицияларды тарткан

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук гвардиянын офицерлери Турдакун Усубалиевдин портрети менен.
Улуттук гвардиянын офицерлери Турдакун Усубалиевдин портрети менен. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Ала-Тоо аянтында Усубалиевди акыркы сапарга узатуу боюнча митинг-реквием президент Алмазбек Атамбаевдин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, өкмөт мүчөлөрүнүн жана элдин катышуусунда өтүп жатат.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Турдакун Усубалиев азыркынын тили менен айтканда Кыргызстанга өтө ири инвестиция салган адам, анын аракети менен өлкө бир топ алдыга өнүктү деп айтты мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов улуу инсан менен коштошуу зыйнатында.

Анын айтымында, ошол инвестициялардын бардыгы оңой менен келген жок.

"Кыйын учурларда Кыргызстандагы кандай гана ири объектилерди курган жок. Анын ичинде Ала-Тоо аянты, аэропорт, филармония, Илимдер академиясынын имараттары бар. Мунун баарын ал адам 4-5-7 жыл ичинде тургузуп койду ", — деди Жумагулов. 

Учурда Ала-Тоо аянтында Усубалиевди акыркы сапарга узатуу боюнча митинг-реквием президент Алмазбек Атамбаевдин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, өкмөт мүчөлөрүнүн жана элдин катышуусунда өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0