Баланын өлүмүнө нааразы болуп, Ош — Бишкек жолун тоскондор тарады

© Фото предоставлено региональной телекомпанией ЫнтымакЖүргүнчүлөр жол ачылган соң сапарын улантууда.
Жүргүнчүлөр жол ачылган соң сапарын улантууда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылында 1-классынын окуучусун кечээ катуу ылдамдыкта келе жаткан автоунаа уруп кеткен.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кара-Суу аймагындагы Ош — Бишкек жолу ачылып, каттам жанданды деп билдирди Ош облустук ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев Sputnik маалымат агенттигине. 

Анын айтымында кечээ, 8-сентябрда Жаңы-Арык айылы аркылуу өткөн Ош — Бишкек автотрассасынан Кулбай Ибраимов атындагы мектептин 1-классынын окуучусун автоунаа уруп кеткен. Буга нааразы болгон жергиликтүү жашоочулар жолго тосмолорду коюп, кандайдыр бир чарасын тапкыла деген талаптар менен чыгышкан.

"Бүгүн нааразы болуп чыккандар ар бир айылдын, анын ичинде Жаңы-Арыктын башына, мектеп бар жерге жасалма полицейлерди коюп, ылдымдыкка тоскоол кылуучу бөгөттөрдү орнотуп бергиле деген талап коюшту", — деп билдирди Ашырбаев.

ИИМ өкүлү жолдогу ылдамдыкка бөгөт боло турган турган жабдууларды орнотуу иштерин аталган аймактагы курулуш-монтаждоо, пайдаланууга берүү боюнча башкармалык аткарып, ылдымдыкты Жол көзөмөл кызматкерлери көзөмөлдөй турганын айтты.

"Бул боюнча тиешелүү тарапка атайын кат жиберилди. Эл аралык жол болгондуктан, стандартка туура келбейт деп жасалма полицейлерди кезегинде алдырып салышкан. Эми аларды кайра орнотууну чечүү боюнча иштер жүрүп жатат", — деди Ашырбаев.

ИИМ өкүлү аталган жолдо саатына 40 чакырым менен жүрүү эрежесин автоунаа айдагандардын көпчүлүгү сактабай жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0