БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин сөөгү Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди.
24 жыл бою Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы болуп иштеп келген Турдакун Усубалиев 96 жашында узак оорудан кийин каза болду.Шаршемби күнү борбордук Ала-Тоо аянтында Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Аза күтүү иш-чарасына президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Темир Сариев, ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Сот Феруза Жумашева, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, ошондой эле бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратованын чоң кызы Айыманын да мойнунун омуртка сөөктөрү сынганы аныкталды. Бул тууралуу ырчы өзү Instagram баракчасына жазды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ал кыргызстандыктардан кызынын батыраак айыгып кетишин тилеп, дуба кылып коюуну сурап кайрылган.
"Айламды таппай турган кезим. Кызым белим дей берип, моюндун омуртка сөөктөрү сынганын эми көрүп жатабыз. Бир капталы кыймылдабай жатат. Элим, дуба кылалы. Аллахтан жардам, сиздерден жардам сурайм! Ушундай колдоо керекте жалгызсыратпаңыздар, суранам!" — деп кайрылды ырчы.
Эске салсак, Анжелика Кайратова 23-январдын таңында Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Автоунаасында өзү менен кошо үч кызы болгон. Дарыгерлер беш жаштагы кызынын эки бутунун тең кашка жиликтери сынып, ырчынын өзүнүн омурткалары жабыркаганын айткан. Экөөнө тең операция жасалган. Ал эми эки кызынын абалы туруктуу экени кабарланган болчу.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылган коноктордун баарынын коронавируска тапшырган тести таза чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирди.
Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулуп, коноктордун баары коронавирус инфекциясына ПЦР-анализ тапшырышкан.
Садыр Жапаровдун инаугурациясы эртең, 28-январда, саат 11:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт.