Түрмөдөгү адамга шарга салынган баңгизат берүү аракетине бөгөт коюлду

Жазылуу
Шариктен марихуанага окшош 10 грамм өлчөмүндөгү зат табылган, дейт МЖАК.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бишкектин №47 түзөтүүчү колониясында жаза өтөп отурган жаранга шарга салынган баңгизат берүүгө аракет болгонун Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы (МЖАК) билдирди.

Маалыматка ылайык, тышкы коопсуздук кызматкерлери тарабынан темир тор артында отургандар үчүн берилген тамак-ашты текшерүү учурунда шарлардын биринен марихуанага окшош 9,5 грамм өлчөмүндө зат табылган. 

Тамак-аш 17 жылга эркинен ажырап күчөтүлгөн тартиптеги колонияда жаза өтөп отурган 40 жаштагы жаранга арналганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0