БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Мэриянын жеке турак-жай куруу департаменти текшерүү учурунда "Көлмө" жаңы конушунун Теңдик көчөсүндө айрым турак-жай ээлери жер тилкесин муниципалдык аймактын эсебинен кеңейтип алганын аныктаган. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.
Аталган турак-жай ээлерине буга чейин мыйзамсыз курулуштарды алуу боюнча эскертүү берилген. Буйрук аткарылбагандыктан, материалдар Биринчи май райондук сотко өткөн.Буга чейин аталган райондук сот Теңдик көчөсүндөгү №5 үйдүн ээсин административдик жазага тартып, 10 миң айып пул төлөткөн. Мында мамлекетке тийиштүү жер тилкесин баштапкы абалына келтирүү зарылдыгы белгиленген.
"Турак жай ээси муниципалдык аймакка тургузулган 3х7 метрлик темир дарбазаны алышы эскертилген. Дагы бир жашоочу кыштан курулган 7х20 метрлик дарбазасын алышы керек эле", — дейт мэрия.
Мэриянын эскертүүсү аткарылбагандыктан. Бишкектин жеке турак жай курулуш департаменти мыйзамсыз салынган курулуштарды түрттүрүп салды.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жалил Атамбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштери жүрүп жатат.
"Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.