Атамбаев Аль-Харам мечитиндеги кырсыкка байланыштуу Сауд Аравиянын королуна көңүл айтты

© AFP / STRINGERДүйнөдөгү ири мечиттердин бири Аль-Харамда 11-сентябрь күнү кран кулап, 107 адам каза болуп, 238и жаракат алган.
Дүйнөдөгү ири мечиттердин бири Аль-Харамда 11-сентябрь күнү кран кулап, 107 адам каза болуп, 238и жаракат алган. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөдөгү ири мечиттердин бири Аль-Харамда 11-сентябрь күнү кран кулап, 107 адам каза болуп, 238и жаракат алган. Кран зыяратчылар намаз окуп бүтүп, короодон өтүп жаткан учурда алардын үстүнө кулап кеткен.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев адам өмүрүнө забын болгон Аль-Харам мечитиндеги кырсыкка байланыштуу Сауд Аравиянын королу Салман бин Абдель Азиз Аль Саудга өзүнүн жана кыргыз элинин атынан көңүл айткан телеграмма жөнөттү.

"Каза болгондордун туугандары менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кырсыктан жабыркагандар тезинен сакайып кетишине тилектешмин", — деп айтылат билдирүүдө.

Дүйнөдөгү ири мечиттердин бири Аль-Харамда 11-сентябрь күнү кран кулап, 107 адам каза болуп, 238и жаракат алган. Кран зыяратчылар намаз окуп бүтүп, короодон өтүп жаткан учурда алардын үстүнө кулап кеткен. Кырсыктын себебин начар аба ырайына байланыштырып жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0