Маалымат системасын автоматташтырууда Кыргызстан Грузиядан тажрыйба алат

© Sputnik / Георгий Базаев / Медиабанкка өтүүГрузия мамлекетини премьер-министри Ираклий Гарибашвили. Архив
Грузия мамлекетини премьер-министри Ираклий Гарибашвили. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-грузин кызматташуусунун алкагында соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи жыйынын өткөрүү талкууланды.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Жекшемби күнү 13-сентябрда Эл аралык "Манас-2" аэропортунда КРдин Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Данияр Сыдыков менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили жолугуп, экономика жаатындагы кыргыз-грузин кызматташтыгынын өнүгүшүн талкуулашты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Тараптар өзгөчө соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи жыйынын өткөрүүнү талкуулашты.

Ошондой эле, маалымат системасын автоматташтыруу боюнча тажрыйба алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0