Муфтият: ажылык үчүн берилген кошумча 500 квота Ош, Жалал-Абад, Баткен облусуна бөлүнөт

© Фото / пресс-служба ДУМКЗыяратчылар учууну күтүп жатышат. Архив
Зыяратчылар учууну күтүп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда берилген 500 орунду бөлүштүрүү аракеттери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргызстандык зыяратчылар үчүн кошумча дагы 500 орун берилгенин муфтийдин орун басары Замир кары Ракиев билдирди.

Быйыл кыргызстандык зыяратчылар үчүн Сауд Аравиясы 3685 орун берген. Ажылыкка барууну каалагандар көп болгондуктан муфтият дагы кошумча квота берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Учурда берилген 500 орунду бөлүштүрүү аракеттери жүрүп жатат.

"Быйыл Кыргызстандан ажылыкка барам дегендер көп. Кошумча берилген квоталар келген арыздарга жана аймактардын коэффициентине ылайык бөлүштүрүлөт. Негизинен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан жана Ош шаарынан арыздар көп", — деди Ракиев.

Ал ошондой эле учурда квоталарды бөлүштүрүү жана зыяратчылардын учуу датасын тактоо боюнча аракеттер кызуу жүрүп жатканын кошумчалады. 

"Азыр алар канчасында кетери тактала элек, ал бүгүн-эртең билинет", — деди ал.

Кыргызстандык зыяратчылардын акыркы тобу 11-сентябрда учуп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0