Өзгөндө салык төлөмдөрү "Бирдиктүү терезеден" кабыл алына баштайт

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүСалык дикларациясын тапшыруу. Архив
Салык дикларациясын тапшыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөн шаарында БУУӨП менен Мамлекеттик салык кызматы райадминистрация менен бирге "Бирдиктүү терезе" ачты.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Өзгөн шаарында "Соодага көмөк көрсөтүү" долбоорунун колдоосунда түзүлгөн Ишкердикти жана сооданы колдоо борборунун (ИСКБ) "Бирдиктүү терезеси" ачылышына байланыштуу салтанат болуп өткөнүн долбоордун маалымат кызматы билдирди.

"Бирдиктүү терезенин" принциптерин ишке киргизүү салык төлөөчүлөрдү каттоодон, патенттерди, КНС эсеп-фактураларды берүүдөн баштап декларация жана отчетторду кабыл алууга чейинки салык төлөө боюнча түрдүү кызмат көрсөтүүдө ишкерлер менен калкты колдоого багытталган. 

"Баардык кардарлар бир жерде гана тейленет. Мындай өзгөрүүлөрдүн аркасында тейлөө сапаты жакшырып, салык төлөмдөрүн чогултуу да өсөт деп күтүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө. 

Видеобайкоо камералары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Байкоо жүргүзүү үчүн бирдиктүү терезелерге видео камералар орнотулат
Долбоор өкүлдөрүнүн айтымында, мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги милдети элге жана бизнеске оңтойлуу шарттарды түзүп берүү болуп саналат. 

"Бирдиктүү терезе" принциптерин колдонуу калкты тейлөө сапатын кыйла жакшыртып, салыктык тескеп-башкарууну жана эреже-процедураларды ишкерлер менен башка бардык салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу кылууга жардам берери белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0