Бишкекте дайынсыз жоголгон 27 адам табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин баш кийими. Архив
Милиция кызматкеринин баш кийими. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайы операциянын натыйжасында 37 кылмыштын бети ачылган. Анын 19у буга чейинки жасалган кылмыштар болуп саналат.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Эки күндүн ичинде борбор калаа боюнча дайынсыз жоголгон 27 адамдын жери такталганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери "Издөө" атайын операциясын жүргүзүшкөн. Натыйжада жогоруда аталган 27 жарандан тышкары, сот жоопкерчилигинен качып жүргөн 20 адам табылып, алты өлүктүн аты-жөнү такталган. 

Мындан тышкары, 37 кылмыштын бети ачылган. Анын 19у буга чейинки жасалган кылмыштар болуп саналат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0