Диль: Кара-Кече кенин казууда экологиялык коопсуздук башкы маселе болушу керек

Жазылуу
Вице-премьер-министр адистерге экологиялык коопсуздук үчүн Кара-Кече көмүр кени боюнча документтерди дагы бир ирет кылдат карап чыгууну тапшырды.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кара-Кече көмүр кенин иштетүүдөгү калдыктарды консервациялоого өзгөчө көңүл бурулушу керектигин вице-премьер-министр Валерий Диль аталган кенди иштетүүгө арналган жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Кече көмүр кенин иштетүү боюнча долбоор соңуна чыгуу алдында турат. Учурда кенде курула турган жылуулук станция жана темир жол куруунун техникалык жагы иштелип чыгууда. 

"Бул долбоорду ишке ашырууда майда-барат нерселерге чейин ойлонуу зарыл. Буга эксплуатациялык шаарчанын курулушу, жылуулук станцияны иштетүүдө ысык суунун пайдаланышы жана кенди иштетүүдөн чыккан калдыктарды консервациялоо маселелери кирет", — деди Диль.

Вице-премьер Кара-Кече кени мамлекети үчүн олуттуу объект экенине карабастан, экологиялык жактан коопсуз болушу керектигин баса белгиледи.

"Кен казуу иштери жергиликтүү жашоочуларга жана экологияга терс таасирин тийгизбеши керек. Экологиялык коопсуздук — кенди иштетүүдөгү бирден бир маанилүү маселе", — деди чиновник.

Жыйын аягы менен вице-премьер-министр адистерге Кара-Кече көмүр кени боюнча документтерди дагы бир ирет кылдат карап чыгууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0