Чек ара кызматы: дайынсыз болуп жаткан жоокер ууга өз алдынча чыгып кеткен

© Sputnik / Табылды КадырбековВоенный шеврон пограничника Кыргызской Республики
Военный шеврон пограничника Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жоокерди капчыгайдан, ашуулардан, тоодогу чыйыр жолдордон, ал тургай, айылдардан издеп жатышат. Буга чек арачылардан сырткары, ИИМдин, УКМКнын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен райондун жашоочулары тартылган.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматынан Ош облусундагы "Карамык" чек арасында жоголгон жоокер кезметте туруп, бирок кийик уулоого өз алдынча кетип калган деп билдиришти. 

Чек ара кызматы 19 жаштагы чек арачы Бексултан Баардинов 23-август күнү нөөмөт өтөп жатып жоголуп кетти деген маалымат тараткан, ал эми жоокер алигиче табыла элек

"Мамлекеттик чек ара кызматынын Оштогу чек ара отряды кызматтык документтерди иликтеп, Баардиновду кошкондо төрт жоокер кыргыз-тажик чек ара кезметине бекитилгендигин тактады. Кызматтык иликтөө жыйынтыгынын алдын ала малыматтарына караганда, кезметте турган жоокерлер ууга өз алдынча чыгып кеткендиги аныкталды", — деп билдирди аталган ведомствонун маалымат кызматы.

Алар учурда Баардиновдун жоголуп кеткендиги боюнча ыкчам-иликтөө иштери улантылып жатканын билдирди. 

"Жоокерди капчыгайдан, ашуулардан, тоодогу чыйыр жолдордон, ал тургай, айылдардан издеп жатышат. Буга чек арачылардан сырткары, ИИМдин, УКМКнын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен райондун жашоочулары тартылган", — деп билдиришти маалымат кызматынан. 

Разыскиваемый пограничник пропал на охоте в горах — одна из версий ГП - Sputnik Кыргызстан
Чек арачынын жоголушу боюнча жаңы жагдай: жоокер кийик уулаганы жөнөтүлүп, жоголгон
Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилиги ички териштирүүлөрдү жүргүзүп, мындай окуяга жол бергендиги үчүн аталган кызматтын Ош жана Жалал-Абад облустук эки башкармалыгынын жетекчилерин жана орун басарларын, Ош чек ара отрядынын, "Карамык" чек ара заставасынын жетекчисин кызматтан алган

Аталган ведомствонун маалымат кызматы чек арачынын жоголушу боюнча иштен алынган офицерлер учурда Баардиновду издөөгө тартылгандыгын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0