Жоголуп кеткен эки жашар бала шаардагы балдар үйүнөн табылды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЖаш балдар терезенин алдында. Архив
Жаш балдар терезенин алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жаштагы Жанер Тыналиев эки күн мурун Бишкек шаарынан жоголуп кеткен. Милициянын маалыматына ылайык, аны апасы арак ичип жүрүп таппай калган.

БИШКЕК, 15 сен. — Sputnik. Жоголуп кеткен эки жаштагы бала шаардык милиция тарабынан табылганын ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Эки күн мурун 13-сентябрда эки жаштагы Жанер Тыналиев жоголуп кеткен. Шаардык милициядан билдиришкендей, баланын апасы арак ичип жүрүп баласын кечки саат 9:30дар чамасында жоготуп жиберген

"Аял тааныштары менен арак ичип жүрүп, 13-сентябрда кечки саат 9:30дар чамасында баласын таппай калып, Свердлов РИИБине кабарлаган. Аял телефонун өчүрүп салгандыктан, милиция келип аялды тапкан эмес", — деп айтылат ШИИБ тараткан билдирүүдө.

Ичип отуруп баласын жоготуп алган энеси окуя кандай болгонун айтып берди
Милиция 14-сентябрда да издөө иштерин уланткан. Соолуккан аял болгон окуяны күйөөсүнө жана туугандарына айтып, алар дароо укук коргоо органдарына кайрылып, бала тууралуу толук маалыматты жана сүрөтүн милицияга беришкен.

Ленин районунун жашы жетелектер менен иштөөчү инспекторлору 2 жаштагы Жанер шаардагы балдар үйүнүн биринде экенин аныкташкан. Аны ал жакка жолоочулар жеткиришкен.

Учурда Жанерди Свердлов РИИБине алып келишип, туугандарын чакырышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0