БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Башкы прокуратуранын "Кыргызстан элдеринин конгресси" партиясынан талапкер Карганбек Самаковду, "Бир Бол" партиясынан Игорь Чудиновду жана "Замандаш" партиясынан талапкер Искендербек Айдаралиевди кылмыш жообуна тартуу боюнча өтүнүчүн четке какты.
БШК мүчөлөрүнүн айтымында, Башкы прокуратура бул маселе боюнча Жогорку Кеңешке кайрылса болот. Шайлоо учуруна карата БШК кылмыш ишин козгоого макулдук бере албайт.
Самаков май айында коррупция жана жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталып кармалган. Соттун чечими менен ал үй камагына чыккан.
Чудинов 2007-2009-жылдары кыргыз өкмөтүн жетектесе, Айдаралиев ошол мезгилде биринчи-вице-премьер-министр болуп турган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.
Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.
Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.
Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.
Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.
Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.
Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.
Депутаттыкка чейин СССРдин Коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.