БШК үч партиянын өкүлдөрүн тизмеден чыгарды

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүДепутат жыйында. Архив
Депутат жыйында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талапкер катары шайлоого катышуудан үч саясий партиянын өкүлдөрү баш тартты.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы жыйынында өз ыктыяры менен шайлоого катышуудан баш тарткан талапкердин арызын канааттандыруу боюнча чечим кабыл алды.

Маалыматка ылайык, арыз "Ар-Намыс" саясий партиясынын үч талапкери Салтанат Амановадан, Адилет Калыковдон жана Ибрагим Эрстен келип түшкөн.

Мындан тышкары, БШК "Бир Бол" партиясынан талапкер Айганыш Сатыбалдиеванын жана "Улуу Кыргызстан" саясий уюмунан Зорбек Бийзаевдин арыздарын канааттандырды. 

"Бийзаевге кылмыш ишин козгоо боюнча маселе көтөрүлгөндүктөн, ал өзү арыз менен кайрылды", — деди БШК мүчөсү Канатбек Азиз.

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого 14 саясий партия катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0