Курман айтта намаз саат жетиде башталып, ага ЖК спикеринин катышуусу күтүлүүдө

Жазылуу
Бишкек шаарындагы Курман айт күнү чоң намаз эртең мененки саат жетиде башталып, тогуздарда аяктайт.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Курман айт күнү чоң намаз Эски аянтта 24-сентябрда саат 7:00дө башталып, ага Жогорку Кеңештин (ЖК) спикери Асылбек Жээнбековдун катышуусу күтүлүп жатат. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын маалымат кызматынан Sputnik агенттигине билдирди. 

"Эртең менеки саат жетиден сегизге чейин баяндар окулат. Андан кийин Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын муфтийи Максат ажы Токтомушев жана ЖК спикери Асылбек Жээнбеков намазга келгендерди куттуктайт. Намаз саат тогуздарда аяктайт", — деп билдиришти муфтияттын маалымат кызматынан.

Курман айт күнү колунда барлар курмандык чалып, көзү өтүп кеткендерди эскерип, курмандыкка сойгон малдын этин муктаж болгондорго таратып бериши керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0