Путин Сирияда кризисти кандайча чечүүнү айтып берди

© Пресс-служба Президента РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти В. Путин ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын отурумунда.
Россиянын президенти В. Путин ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын отурумунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын президенти ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын отурумунда Сирияда болуп жаткан окуяларга карата өз баасын берди. Анын пикиринде, кризисти чечүү үчүн биринчи кезекте "геосаясий амбициялардан жана кош стандарттардан баш тартуу керек".

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. РФтин президенти Душамбеде өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук кеңешинин отурумунда Сириядагы абал жөнүндө кенен сөз сүйлөп, аны турукташтыруу боюнча бир катар конкреттүү сунуштарын айтты. Эксперттердин пикиринде, "Ислам мамлекетине" каршы күрөштө РФтин президенти сунуштаган геосаясий амбициялардан баш тартуу стратегиясы Сириядагы чыр-чатакты чечүүнүн эң ыңгайлуу жолу болуп эсептелет. Күчтөрдү Сириянын өзүнүн ичинде да бириктирсе болот, себеби, эксперттер айрым оппозициялык куралдуу күчтөр Асад менен тил табышууга барат деген ишеничте. 

"Ислам мамлекети" террористтик тобу бүгүнкү күндө дүйнөгө эң чоң коркунуч туудурган күчтөрдүн бири. Үч жыл ичинде Ирак менен Сириянын көпчүлүк жерлерин басып алган бул топтун катарында ар кандай маалыматтар боюнча 50 миңден 200 миңге чейин согушкерлер бар жана ал ээлеген жерлердин жалпы аянты 90 миң чарчы чакырымга жетип, ал жерлерде халифат жарыяланган жана топ өзүнүн мыйзамдарын орнотуп, бийлик органдарын түзгөн. 

"Ислам мамлекетинин" көлөмү

ЖККУнун Душанбеде өтүп жаткан саммитиндеги терроризм, экстремизм маселелери боюнча талкууда Путин "Ислам мамлекети" террористик тобу Ирак менен Сириянын чегинен эбак чыкканын айтты. 

"ИМдин" көзү Меккеге, Мединага, Иерусалимге түшүп, өз аракеттерин Европа менен РФте, Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Азияда жайылтууну пландап жатышы Москванын тынчын алууда",—деп билдирди ал.

Путин Тажикстандагы абалды дестабилизациялоо аракети катары баалады
Ошону менен катар Путин "ИМге" каршы күрөштө жеке геосаясий кызыкчылыктарды четке коюп, эки жактуу стандарттардан баш тартуу керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, айрым террористтик топторду өзүнө жакпай калган өкмөттөр менен тартиптерди кулатууга жана башка жеке максаттар үчүн түз же кыйыр пайдалануудан баш тартуу керек.

Сирия бийлигисиз "ИМди" ал өлкөдөн жана бүтүндөй чөлкөмдөн кууп чыгуу мүмкүн эмес деди Путин. 

Москва мурдатан эле Эл аралык коалицияны "Ислам мамлекетине" каршы күрөштө БУУнун Коопсуздук кеңешинин жетекчилиги алдында Сириянын бийлиги менен кызматташууга бир нече ирет чакырган. Путин мурда эле Россия "ИМге" каршы күрөшүү боюнча чөлкөмдөгү мамлекеттерден турган коалицияны түзүүгө көмөк кылууга даяр экенин айткан. Сентябрда ал терроризмге каршы Эл аралык коалиция түзүүнү америкалык президент Барак Обама менен телефон аркылуу талкуулаган. 

Ошондой эле Путин Сириянын башчысы Башар Асаддын мамлекетти башкарууга оппозициянын акылга келе турган күчтөрүн тартууга даяр экенин жана өлкөдө саясий өзгөртүүлөр зарылдыгын айтканын белгиледи. 

РФтин президенти терроризмге каршы күрөш боюнча күчтөрдү бириктирмейин, башка көйгөйлөрдү да, анын ичинде качкындарга байланышкан маселени да чечүү мүмкүн эместигин баса белгиледи.

Күнөөнү оодарып коюшту

Путин Россия Сириянын мыйзамдуу бийлигине колдоо көрсөтүшү качкындардын массалык түргө айланышына байланышпаганын жана эл Сирияны согуштан улам таштап качканын айтты. Ал эми согуш отун сырткы күчтөр курал-жарак, аскер техникасын берүү менен жандырып жатканын белгиледи.

Россия жана ЕСтин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Россия Сириядагы каатчылыкты чечүүдө Батыш үчүн чечүүчү роль ойнойт
Эгер Москва Сирияны колдобогондо, Путиндин пикири боюнча, ал жерде абал Ливиядан да жаман болуп, качкындар мындан да көп болмок. Путин качкындарга байланыштуу пайда болгон абал үчүн жоопкерчиликти Россияга оодарып койгулары келип жатат, бирок бул колдорунан келбейт деди. 

Россиянын президенти "ИМ" согушкерлерин даярдоо маселесине да токтолду. Уюмдун идеологиялык жана аскер даярдыктарынан дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн, анын ичинде РФтин, мурдагы союздук республикалардын жарандары өтүп жатат. Бул өтө кооптуу нерсе, себеби, "ИМ" согушкерлери өз өлкөлөрүнө кайтып келет.

Россия "Ислам мамлекетине" каршы күрөшүү үчүн Сирияга аскердик-техникалык жардам көрсөтүүсүн уланта турганын белгилеген Путин, дүйнө коомчулугун буга кошулууга чакырды.

Эксперттик жооп

Россиянын илимдер академиясынын алдындагы Чыгыш таануу институтунун улук илимий кызматкери Борис Долгов Дамаск мурдатан эле тиги же бул оппозициялык топтор менен тил табышууга даяр болгондугун айтты. "Россия жетекчилиги Сириянын өкмөтү айрым оппозициялар менен иш алып барууга даяр экенин мурда эле айткан, азыр ал конкреттүү мүнөзгө ээ", — деди эксперт.

"Акылга келе турган күчтөр" деп адис тынчтык жолу менен сүйлөшүүгө даяр күчтөр жөнүндө айтылып жатканын белгиледи. "Акылга келе турган күчтөр деп биринчи кезекте, ички, атуулдук маанайдагы оппозицияны атайбыз. 2012-жылдан бери Сирияда көп партиялуу система иштейт. Ага жаңы түзүлгөн партиялардын айрымдары жана өкмөткө наразы, бирок аны менен сүйлөшүүгө даяр мурдатан берки мыйзамдуу партиялар кирет", — дейт Долгов.

"Тышкы оппозиция да бар. Бул куралсыз күчтөр Сириянын бийлиги менен оң ниетте кызматташууга даяр, бирок бул үчүн өз шарттарын коюп жатат", — деп улантат Долгов. Эксперттин айтымында, алар менен сүйлөшүүлөрдө Дамаск кайсы бир келишүүчүлүктү күтө алат. 

Долговдун божомолунда Асад менен тил табышууга даяр "айрым куралдуу күчтөр да бар. Бирок, баса белгилей турган нерсе, эч бир шартта такыр макулдашууга мүмкүн болбогон радикалдык ислам күчтөрү да бар".

Путин: терроризм менен күрөшүүдө геосаясий кызыкчылыктардан баш тартуу керек
Ал эми Россиянын стратегиялк изилдөөлөр институтунун директорунун кеңешчиси, чыгыш таануучу Елена Супонинанын пикиринде, Россия андай акылга келерлик күчтөрдү тапты. Ал күчтөр убактылуу өкмөт түзүлүп калса, анын катарына да кире алат. Мындай күчтөрдүн катарына, эксперттин пикири боюнча, айрым көз карандысыз оппозиционерлер да, түрдүү уюмдардын өкүлдөрү да кирет. Акыркыларынын ичинен айрымдар, мисалы, Улуттук координациялык комитет, "Эл эрки партиясы" жана башкалар Москвага Сириянын өкмөтү менен сүйлөшүүлөр үчүн келишкен. "Россиянын пикиринде, батыш артында турган Улуттук Коалиция да мындай сүйлөшүүлөргө катыша алмак", — дейт Супонина.

Бирок мамлектти башкарууга оппозициялык оң маанайдагы күчтөрдү тартуу президент Асаддын, Батышта айрымдар айтып жаткандай, сөзсүз кетиши керектигин билдирбейт дейт эксперт. "Кеп аткаруучу бийлик жөнүндө гана болуп жатат. Президент Башар Асад, Россиянын түшүнүгүндө, өз кызмат ордун, аткарган милдеттерин сактап калышы керек", — деп ырастайт Супонина.

Путиндин "геосаясий кызыкчылыктарды четке коё туруу жана эки жактуу стандарттардан баш тартуу" жөнүндө ою Сирияда чыр-чатакты жөнгө салуунун жакшы жолу, бирок ага жетишүү өтө кыйын деп эсептейт Супонина. "Бул үчүн эл аралык ортомчулар да маселеге калыс мамиле кылуулары керек. Тилекке каршы, баары тең эле геосаясий амбицияларынан оңой баш тарта албайт. Эксперт калыс жана чоң саясат Жакынкы Чыгышта болушу мүмкүн, бирок ал сейрек болот", — деген ишеничте.

Жаңылыктар түрмөгү
0