Атамбаев бүгүн Баткенге жумушчу сапары менен кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековБаткендин тоолору жана автожолу. Архив
Баткендин тоолору жана автожолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы Баткендеги сапарында эл менен жолугуп, пикир алышат.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин бүгүн Баткен облусуна сапары башталат. Мамлекет башчысы облустун райондорунда болуп, социалдык объектилерди көрүп, алардын бир нечесин ачат. Облустун жашоочулары менен жолугуп, пикир алышат. 

"Алгач, Кадамжай районундагы ооруканын курулушу, андан сырткары облустагы сугат системаларынын абалы менен таанышат", — деп билдирди президенттин маалымат кызматынан. 

Мамлекет башчысы кечээ Душанбе шаарынан ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн саммитинен учуп келген. Жумушчу сапарын Атамбаев Ош облусунда улантат.

Жаңылыктар түрмөгү
0