ЕАЭБ алкагында кызматташууну бекемдөө максатында Россиядан делегация келет

© Фотохост ШОС / Медиабанкка өтүүГлава Республики Башкортостан Рустэм Хамитов. Архивное фото
Глава Республики Башкортостан Рустэм Хамитов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык иш-чара ЕАЭБ алкагында эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда соода-экономикалык карым-катнаштарды мындан ары да чыңдоо үчүн жасалып жатат.

БИШКЕК, 16-сен — Sputnik. 22-сентябрда Бишкекте Кыргыз-Россиялык IV аймактар аралык конференция өтүп, ага эки өлкөнүн аймактарынын, тармактык министрликтердин, ведомстволордун башчылары жана эксперттер менен ишкерлер катышат. 

Ирандын президенти Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет
Конференцияга Башкыртстандын жетекчиси Рустэм Хамитов, Саратов, Оренбург, Новосибирск облустарынын губернаторлору келет. Кыргызстандан өкмөттүн дубандарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышат. 

Эл аралык иш-чара ЕАЭБ алкагында эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда соода-экономикалык карым-катнаштарды мындан ары да чыңдоо үчүн жасалып жатат. 

Конференциянын жүрүшүндө "Евразиялык интеграциядагы аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүү" деп аталган жыйын жана беш тегерек стол өткөрүлөт. Алар ЕАЭБ алкагындагы жаңы мүмкүнчүлүктөр, айыл чарба, транспорт, энергетика тармактарын өнүктүрүүнүн келечеги жана гуманитардык жактан кызматташууга арналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0