Мэрия: Бишкектин 4 борбордук көчөсү бир тараптуу болот

© Sputnik / Григорий Собченко / Медиабанкка өтүү"Бир тараптуу кыймыл" жол көрсөткүүчү. Архив
Бир тараптуу кыймыл жол көрсөткүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир тараптуу багыт киргизилгенден кийин Чүй проспектинде кечинде жол кыймылына коюлган чектөө алынат.

БИШКЕК, 16-сен. – Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрынан баштап Бишкек шаарынын төрт борбордук көчөсү бир тараптуу болорун мэрия билдирди.

Жаңы асфальт куруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев: жолдор кыш түшкөнгө чейин курулуп бүтүшү керек
Ага ылайык, Москва көчөсү — Жаш гвардия бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейин чыгышты карай бир багыттуу болот. Мында коомдук унаа үчүн эки тараптуу багыт өзгөрүүсүз калат.

Токтогул көчөсү — Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин батышты өздөй бир тараптуу болот.

Киев көчөсү Жаш Гвардия бульварынан Абдырахманов көчөсүнө чейин чыгышты карай бир тараптуу болуп, коомдук унаа үчүн эки тараптуу багыт сакталат.

Бөкөнбаев көчөсү — Ибраимов көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө чейин батышты карай бир багыттуу болот.

Бир тараптуу багыт киргизилгенден кийин Чүй проспектисинде кечинде жол кыймылына коюлган чектөө алынат. Мындан тышкары, 12-октябрга чейин Шабдан баатыр — Ахунбаев жана Чортеков – Айни – Муромский – Кривоносов көчөлөрү боюнча айлампа жол кыймылы түзүлөт.

Бишкектин жол кыймылы бир багыттуу боло турган көчөлөрү
Бишкектин жол кыймылы бир багыттуу боло турган көчөлөрү - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин жол кыймылы бир багыттуу боло турган көчөлөрү

Жаңылыктар түрмөгү
0