Атамбаев Ош — Баткен — Исфана жолунун курулушу менен жеринде таанышты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаев Ош — Баткен — Исфана жолунун курулушу менен жеринде таанышты.
Атамбаев Ош — Баткен — Исфана жолунун курулушу менен жеринде таанышты. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жолдун учурда алгачкы 12,9 чакырымы аяктады. Ага 10,4 миллион доллар жумшалган.

ЛЕЙЛЕК, 16-сен. – Sputnik. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Ош — Баткен — Исфана жолунун (220-363-чакырымдары) курулушу менен жеринде таанышты. 

Жол оңдоо ишетри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүй проспектиси оңдоп-түзөө иштеринен улам убактылуу жабылат
Аталган жолдун курулушу 2013-жылы башталган. Ал үч участокко бөлүнүп, учурда биринчи Чоң-Кара — Баткен участогу (12,9 чакырым) бүттү. Ага 10,4 миллион доллар жумшалган.

Транспорт жана байланыш министрлигинин инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тобунун жетекчиси Кубанычбек Мамаевдин айтымында, аталган жол Кытайдын Экспорт-импорт банкы тарабынан бөлүнгөн жеңилдетилген насыяга салынууда.

"Учурда 220-участоктон 232-ге чейинкиси бүттү. Ошондой эле 28-чакырымдан 75-чакырымга чейинки аралыкты салуу боюнча иштер тууралуу документке октябрь айында кол коюу каралып жатат. Андан сарткары 75-чакырымдан 108-чакырымга чейин жолду салуу боюнча документти ратификацияга жибергенден кийин тендерлер башталат", — деди Мамаев. 

Аталган жолдун курулушу 2013-жылы башталган, ал 2016-жылы аяктайт. Учурда биринчи участок Чоң-Кара — Баткен (12,9 чакырымы) бүттү. Андан сырткары, Төрт-Күл — Ак-Атыр (23,5 чакырым) жана Ак-Атыр — Исфана (86,5 чакырым) участоктору бар. Ош — Баткен — Исфана жолун курууга жалпысынан 91,4 миллион доллар каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0