Президент Баткендеги милиция кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырат

© Sputnik / Расул УсенбаевБаткен шаарынын ИИМ кызматкерлерине батирлерди тапшыруу маалында.
Баткен шаарынын ИИМ кызматкерлерине батирлерди тапшыруу маалында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Берилип жаткан кызматтык батирлер бир, эки жана үч бөлмөдөн турат. Турганбаев учурда Баткен облусунда милиция кызматкерлеринин батирге болгон муктаждыгы чечилгенин баса белгиледи.

БАТКЕН, 17-сен. – Sputnik. Баткен облусунун ИИБдин кызматкерлерине кызматтык батирлердин ачкычын бүгүн президент Алмазбек Атамбаев тапшырат.

Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин айтымында, 24 батирлүү бул имараттын курулушу 2008-жылы эле башталган. Бирок каржынын жоктугунан жана тийиштүү көңүл бурулбай келгендиктен курулуш иши создугуп кеткен.

"Үйдүн курулушуна апрель айында мамлекеттен 30 миллион сом бөлүнгөн. Курулуш иштери июнь айында башталган. Минтип төрт айдын ичинде курулушун бүткөрдүк", — деди ал.

Министр кызматтык батирлер негизинен республиканын башка аймактарынан келип Баткенде иштеген милиция кызматкерлерине берилгенин кошумчалады. Эгер милиция кызматкери башка аймакка которулса, батирди бошотуп беришет.

Турганбаев бул батирден тышкары, дагы бир казарма курулуп жатканын кошумчалады. Анын курулушу үчүн мамлекеттен 76 миллион сом бөлүнгөн.

"Казармада атайын имарат жок болгондуктан, СОБРдын, атайын полктун 100 кызматкери, Жол кайгуул кызматкерлери жана медициналык кызматтын өкүлдөрү отурат", — деди министр.

Берилип жаткан кызматтык батирлер бир, эки жана үч бөлмөдөн турат. Турганбаев учурда Баткен облусунда милиция кызматкерлеринин батирге болгон муктаждыгы чечилгенин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0