Баткенде таза жана сугат суу маселелери курч бойдон калууда

Жазылуу
Президент Баткен облусунда инфраструктуралык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгын эске салып, мамлекет жакынкы жылдары калкты таза суу менен камсыз кылууга, ошондой эле ири сугат долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи.

БИШКЕК, 17-сен. – Sputnik. Баткен облусунун тургундары таза суу жана сугат суу маселелери курч турарын президент Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушууда билдиришти.

Өлкө башчысы 16-сентябрь күнү Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кадамжай, Баткен райондорунун жана Кызыл-Кыя, Баткен шаарларынын активи менен жолугушту.

"Суроо-жооп" форматында өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө президентке таза суу, мектеп, балдар бакча жана саламаттык сактоо объектилеринин курулушуна тиешелүү суроолор берилди.

"Аймактын жашоочулары таза суу жана сугат суу маселеси орчундуу көйгөй катары белгилешти", — деп айтылат билдирүүдө.

Атамбаев Ош — Баткен — Исфана жолунун курулушу менен жеринде таанышты
Президент Баткен облусунда инфраструктуралык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгын эске салып, мамлекет жакынкы жылдары калкты таза суу менен камсыз кылууга, ошондой эле ири сугат долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи.

Мындан тышкары, жолугушууда билим берүү объектилери тууралуу маселе козголуп, өлкө башчы жакынкы жылдары мектептердин жетишсиздиги толугу менен жоюларын белгиледи. 

"Республика боюнча жаңы жалпы билим берүү мекемелери курулуп, ал эми авариялык абалда турган мектептер толугу менен реконструкцияланат", — деди Атамбаев.

Президенттин иш сапары бүгүн, 17-сентябрда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0