Атамбаев Кытайдын эки министрин "Данакер" ордени менен сыйлады

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев
Президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыйлактар Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга жана мамлекеттин экономикалык потенциалын жогорулатууга кошкон зор салым үчүн берилди.

БИШКЕК, 17-сен. – Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Датка — Кемин" долбоорунун ийгиликтүү аякташына кошкон салымы үчүн Кыргызстандын энергетиктерине жана кытайлык өнөктөштөргө сыйлык ыйгарганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

"Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясы ишке киргизилди
500 киловольттуу "Датка — Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу иштери 2012-жылы башталган. Ал түштүктөгү "Датка" жана түндүктөгү "Кемин" подстанцияларын туташтырат. Узундугу 405 чакырымды түзгөн долбоордун жалпы суммасы 390 миллион долларды түздү. "Датка — Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясы үстүбүздөгү жылдын 28-августунда пайдаланууга берилди.

Президенттин буйругу менен КРнын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга жана мамлекеттин экономикалык потенциалын жогорулатууга кошкон зор салымы "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ишканасынын башкы директору Медетбек Айткулов III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды.

Мындан тышкары, Кытайдын тышкы иштер министри Ван И жана коммерция министри Гао Хученге "Данакер" ордени ыйгарылды.

"Даңк" медалы менен "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ишканасынын филиалы — Нарын жогорку вольттуу электр тармактары ишканасынын аба линиялары кызматынын электр монтеру Казыбек Көбөнбаев сыйланды.

согушчандарды жок кылган УКМКнын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Согушчандарды жок кылган "Альфачыларга" президент медаль жана саат такты
Ошону менен бирге Ардак грамотасы менен КРдин энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев, ошондой эле дагы бир катар кызматкерлерге берилди.

Андан сырткары, "Даңк" медалына "ТВЕА" компаниясынын президенти, директорлор кеңешинин төрагасы Джан Синь ээ болсо, аталган компаниянын Кыргызстандагы өкүлү Макелек Мусаджан Ардак грамота менен сыйланды. 

2011-жылы Кыргызстанда президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен өлкөдө көз карандысыз энергетикалык алкак түзүү боюнча масштабдуу долбоор башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0